“Бир бол” фракциясы акыйкатчылык кызматка талапкер катары укук коргоочу Рита Карасартованы көрсөттү. Мындай маалыматты ал өзү “Марал” радиосуна ырастады. Кызматка келе турган болсо кандай жумуштарды аткарары жана башка фракциялар көрсөткөн талапкерлер тууралуу пикирин билдирди.
-Шайлоодон утуп чыга турган болсоңуз, Акыйкатчы институтунда кандай өзгөрүүлөрдү жасайсыз?
Карасартова: —Бул институттун азыркыга чейин жакшы иштей албай жатканынын себеби ал жерди укук коргоо тармагын билбеген адамдын башкарып келгенинде болуп жатат. Башка министрликтерге да ал тармактан алыс кызматкерди алып келсе, иш улана берет. Анткени ал жерде чоң команда иштейт. Ал эми Акыйкатчы институтунда баары бир адамдан көз каранды. Анын аброю менен иш алдыга жылат. Туура эмес кадр акыйкатчы болуп келе турган болсо, канчалык аракет кылса да президентке, парламентке тили өтпөйт. Андайлар адам укугун статистика катары эле чогултуп, “мага мынча адам кайрылды” деп эле чектелип калат. Кайрылган киши толтура, президент, премьер-министрге деле кайрыла беришет. Маселе, ошол кайрылуудан кийин кандай өзгөрүү болгондугунда. Акыйкатчы институту парламенттик өлкөдө адам укуктарын Жогорку Кеңештин атынан карап турган мекеме болуп саналат. Ошол үчүн акыйкатчы жыл сайын доклад тапшырып, аны депутаттар канааттандырып-канааттандырбоо менен чектелип калбашы керек. Керек болсо ар айда, жумада барып, сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорго өз пикирин айтып, адам укугун жана эркиндигин чектей турган жагдайларды эскертип туруусу керек. Негизгиси – парламент менен иштей билүү.
-Башка фракциялар Токон Мамытов менен Канатбек Азизди көрсөтүштү. КСДПнын сунуштаган талапкери Мамытовго карата укук коргоочулар тарабынан терс ойлор да айтылып жатат. Атаандаштарыңыз тууралуу пикириңиз кандай?
Карасартова: -Токон Мамытовду жеке адам катары сыйлайм жана тажырыйбалуу мамлекеттик кызматкер деп бааалайм. Бирок акыйкатчылык кызматка такыр жарабайт. Себеби убагында ал өзү адам укугун бузган органдарда иштеп келген. Чекисттер эч качан адам укугу менен алектенбейт, түшүнбөйт. Мамлекеттик кызыкчылыкты баарынан жогору коюшат. Айрым учурда өлкөнүн кызыкчылыгы деп коюп, адам укугун тебелеген учурларын көрүп жүрөбүз. Ошол үчүн ал (ред.-Токон Мамытов) жарабайт. Жашы жагынан да туура келбейт. 65 жашка чыгарына да аз калыптыр. Эң жакшысы, ал аксакал катары бизге жол көрсөтүп турганы туура болот. Эгер Кыргызстанга салымын кошкусу келип жатса, коопсуздук кызматын туура багытка салып бергенге жардамдашса болот. Ал эми Канатбек Азиз – докторлук даражага чейин жеткен мыкты илимпоз, адвокат. Бирок укук коргоо тармагында тажырыйбасы жок. Анткени адвокат деген өзүнчө кесип. Мисалы, менин бул багытта иш алып бара албайм. Укук коргоо жагында жүрөк, сөз керек, депутаттарга барып, ойлорун, талаптарын жеткире билиши керек. Ал болуп калса, балким ишти алып кетер. Бирок атаандаш катары караганда, анын бул тармакта тажырыйбасы жок.
Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев өз каалоосу менен арызын жазып, кызматтан кетти. Сиз шайланып калсаңыз, андай кадамга барбаска кепилдик бере аласызбы? Программаңызды ишке ашырууда баарына чыдап иштегенге даярсызбы?
Карасартова: -Бийлик кимди алып келсе, учуру келгенде ал жетекчиге: “Арызыңды жазып, кете бер”,-дегенге укуктуу болуп калат. Эгер эл колдоп, аны көрүп парламент сунуштап, алып келе турган болсо, бийликтин, Жогорку Кеңештин аброюн көтөрө турган акыйкатчы келет. Ар бир арыздын негизинде туура иш алып барып, элдин маселеси дароо чечилип турса, “бийлик иштеп жатат” деген пикир калыптанат. 5 жыл тез эле өтүп кетет. Бул убакытта чыдап иштегенге менде күч жок бекен? Эгерде мага арызды жазып кет десе, “Мыйзамдык жолду таап туруп, анан жумуштан алгыла”,-деп айтам. Эгер менин айткан сөзүмдү аткарбай турган болсом, менин айыбымды таап, иштен алышат. Андай кырдаалда “мен иштей албайт турбаймынбы”-деп, өзүм эле жумуштан баш тартам.
-Маегиңизге рахмат.