Биз менен байланышыңыз

Саясатта өзгөрүүлөр күтүлөт

Саясат | 12 Сен 2018 | 853 | 0

Кыргызстанда ушул күз айларында саясат кызыйт. Буга Жогорку Кеңештин депутаттары бир катар жагдайларды аташты. Ага ылайык, Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттүн курамы өзгөрүүгө дуушар болот. Мындан тышкары, түндүк-түштүк альтернативалуу жолунун жана Датка-Кемин көмөк чордонунун курулушуна жумшалган каражаттар иликтөө алынмакчы. 

Күздүн келиши менен ушул тапта кыргыз саясаттында жандуу турмуш башталышы тууралуу серепчилер кеп салышууда. Саясаттын ордосу болгон Жогорку Кеңештин депутаттары да алдыда өзгөрүүлөр күтүлүп жатканын кабарлашты.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын төртүнчү сессиясынын башталганына бир жумадан өттү. Эки ай тыныгууда эл өкүлдөрү аймактарды кыдырып, өкмөткө тиешелүү маселелер көп экенин белгилешүүдө.

«Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Акылбек Жамангуловдун айтымында, алдыда саясат кызыйт. Өкмөттө бир топ өзгөрүүлөр күтүлүүдө.

— Мен ойлойм, саясат өтө кызуу болот. Азыр чоң тендерлердин аткарылышын текшерүү, комиссиялардын ишмердүүлүгү боюнча маселелер турат. Мисалы, түндүк-түштүк альтернативалык жолунун, «Датка-Кемин» электр линиясынын курулушуна, тарых музейинин реконструкциясына жумшалган акча каражаттары. Анын баары биздин республиканын саясий турмушуна чоң өзгөрүүлөрдү алып келет болуш керек. Өкмөттүн курамы да өзгөрөт. Айрым министр, ведомство жетекчилердин да алмашуусу болот.

Демократиялуу өлкөдө саясий таймаштын жүрүп турушу элдин турмушун жакшыртарын серепчилер белгилейт. «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев алдыда резонанс жараткан бир топ окуяларга көңүл бурулаарын кабарлады.

Парламентте кандай саясий окуялар каралуусу боюнча билбеймин. Бирок биздин фракция жайында укук коргоо органдарына тапшырма берген.  Кыргызстанда резонанс жараткан «Лигласс», Манас аэропорту, мамлекеттик тарых музейиндеги жана онкологиялык ооруканадагы коррупциялар боюнча тапшырмалар болгон. Эми ошол маалыматты угалы деп жатабыз. Андан соң жалпы элге алып чыгып, парламенттин жыйынында баа берели.

Өлкөдө жылда күздө же жазында парламент таркайт же өкмөт отставкага кетет деген сөздөр байма-бай айтылчу. Бул ирет деле ал сөздөр кайталанып жатканын  КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев айтат.

-Биз шайланып келгенден бери кетесиңер деген сөздү угуп келе жатабыз. Бүгүн деле коомчулукта кетесиңер деген сөз таркоодо. Бирок ага негиз болушу керек. Кайра-кайра шайлоо өткөрүүгө өлкөнүн экономикасын көрүп жатасыңар. Парламентте өлкөнүн тышкы карызы, энерго тармакка жумшалган насыялар каралат. Анда коррупциялык аракеттер аныкталса, баа берилет.

Айрым массалык маалымат каражаттары өкмөт башчы алмашат деген макалаларды жарыялоодо. Бул сөздөрдүн чын-төгүнүн билүү үчүн да эл өкүлдөрүнө кайрылып, тактоого аракет кылдык. «Өнүгүү Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев өкмөттү алмаштырууга аракет кылган саясий күчтөр жана премьер-министр боломун деген адам бар экенин билдирди.

-Иштеп жаткан өкмөттүн ишине ыраазымын деп айта албаймын.  Мен деле көптөгөн нерселерге нааразы болуп турамын. Азыр өкмөттүн жумушунда чечкиндүүлүк жетишпей жатат. Дагы деле шоуго айланып, чоң көрүнүктүү иш-чараларды көрсөтүүдө. Ал эми экономиканы алдыга жылдыра турган кадамдарды сезбей жатамын. Кыргызстандын 27 жыл тарыхында бир чоң оору бар. Бул аралыкта отузунчу премьер-министрди алмаштырдык. Адатка айланыа, күз келгенде эле аракеттер болот. Азыр да өкмөттү отставкага кетирүүгө кызыктар болгон күчтөр бар.

Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков болсо чуулгандуу окуялар боюнча маселелерди кароо учурдун талабы болуп жатат дейт. Анын айтымында, алдын ала саясатта чоң өзгөрүүлөр болот деп айттууга эрте. Ал эми парламентте Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревичтин чуулгандуу билдирүүсү каралышы керек. Мындай маселени көңүл сыртында калтырбоо зарыл.

-Саясатта тигиндей же мындай өзгөрүүлөр болот экен деген сөздөр дайыма айтылат. Эгерде айтылган сөздөр комитеттерде жана жалпы жыйында каралса, демек бышып жетилген болот. Азырынча мындай өзгөрүү болот деп айтуу мага туура келбейт.

Мындан тышкары, эл өкүлдөрү саясий куугундук менен кармалгандарды маселеси талкууланаарын кабарлашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM