Биз менен байланышыңыз

«Кара-Балта» көмөк чордону жаңыртылууда

Коом | 11 Сен 2018 | 888 | 0

Учурда «Кара-Балта» жогорку чыңалуудагы көмөк чордону күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө. Ага ылайык, аталган көмөк чордонунда элегаздуу өчүргүчтөр жана ток трансформаторлору алмаштырылууда. Бул жумуштарды аткарууга жалпысынан 515 млн сом каражат жумшалууда.

«Кара-Балта» жогорку чыңалуудагы көмөк чордону Чүй облусунун Москва районунда жайгашкан. Бул көмөк чордон Бишкек энерго түйүнүнүн транзитин, Панфилов, Москва, Жайыл, Сокулук жана Жунда заводдун электр энергиясы менен камсыздайт. Аталган көмөк чордону 1976-жылы жогорку кубаттулуктагы трансформатору менен ишке берилген. Андан бери бир да жолу оңдоп-түзөөдөн өтө элек. Бул тууралуу Чүй облусунун жогорку чыңалуу электр тармактарынын директору Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан көмөк чордонду ремонттоого үч жарым миллион доллар бөлүнгөн. Бул каражатка «Кара-Балта» көмөк чордонундагы 220 кВ багытындагы электр өчүргүчтөр алмаштырылууда.

-Азыр кышка даярдыкты көрүп жатабыз. Көмөк чордонунда жасалган жумуштардын баары элибизге кышында электр энергияны үзгүлтүксүз берүүнүн камы. Бизге Азия өнүктүрүү жана Ислам банкынан каражаттар берилди.

Бул жогорку чыңалуудагы көмөк  чордонунда 110 кВ элегаздуу өчүргүчтөрдөн 11 топтом жана 110 кВ ток транформаторлордон төрт топтом жаңыланууда. Азыркы күндө аталган топтомдордун ар биринен экиден орнотулуп бүткөнүн «Кара-Балта» жогорку чыңалуудагы көмөк чордонунун жетекчиси Мирланбек Жолчуев кабарлады.

Анын айтымында, топтомдордун калган бөлүктөрү эки айдын аралыгында алмаштырылып бүтөт.

-Кышында көмөк чордондун үйдү жылытууга колдонулган электр энергияларына кубаттуулугу жетишпей жарык өчүп калчу. 2015-жылы жаңы транформаторлорду орноттук. Быйыл калганын жаңылап жатабыз. Үч транформаторубуз иштеп жатат.

Эми көмөк чордонду реконструкция менен калкты электр энергиясы менен камсыздоодо ишенимдүүлүк жогорулайт. Буга чейин жабдыктардын эскиришинен улам өчүүлөр болуп калыбына келтирүү көп убакытты талап кылып келген. Ал эми учурда жабдыктар дистанттык негизде башкарылып, техникалык коопсуздук жогорулаганын адис Исраил Сайитбеков белгиледи.

-Мурунку өчүргүчтөрдү ичине май толуп калчу. Аны тейлөө үчүн ичиндеги майды тазалоого техника керек болчу. Азыр жаңы орнотулган жабдыктарда май төгүлбөйт экен.

Мындан тышкары, «Жамбыл-Главная», «Главная» жана «Каинды» линияларында чубалгылар да жаңыланууда.

Белгилей кетсек, «Кара-Балта» жогорку чыңалуудагы көмөк чордонунун жаңылоо жумушу 94 пайызга аткарылган. Калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого жана 2018-2019-жылдарга карата күз-кыш мезгилине толугу менен даяр.

Copyright © 2017 Maral FM