Биз менен байланышыңыз

Аскарбеков: Шаардык кеңеш – Бишкектин парламенти

Күн чабыт | 27 Авг 2018 | 1676 | 0

Бишкек шаардык кеңешиндеги «Кыргызстан» фракциясы шаардык кеңештин төрагалыгына Кубанычбек Конгантиевдин талапкерлигин көрсөттү. Конгантиев 2012-жылдан бери шаардык кеңеште депутат болуп келет. Ал мурунку башкы прокурор Молдомуса Конгантиевдин бир тууганынын баласы.

Ал эми Бишкек шаардык кеңештин мурунку төрагасы Алмаз Кененбаев президенттин аппарат жетекчисинин орун басары болуп дайындалган эле. Шаардык кеңештин төрагасын шайлоо маселеси тууралуу «Эркин эл» партиясынын лидери, жарандык активист Мавлян Аскарбеков менен маектештик.

Марал: Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына алгачкы талапкер сунуштала баштады. Шаардык кеңештин орду жана анын төрагасынын таасири канчалык?

Мавлян Аскарбеков: Бишкек шаардык кеңешин — борбор калаанын парламенти десек болот. Ошондуктан борборубуздун «Жогорку Кеңешине» көз карандысыз төрага келүүсүн каалайт элем. Анткени мэриядагы коррупцияны жоюу, аны алдын алуу, мэрдин ишин көзөмөлдөө жана борборду гүлдөтүү шаардык кеңеш менен төраганын милдети. Ошондуктан алардын көз карандысыздыгы, принципке бекем туруусу шаарыбыздын өнүгүшүнө алып келет. Тилекке каршы буга чейин жалаң конъюнктурага ылайыкташкан же бирөөнүн таанышы төрага, депутат болуп келип отуруп шаар талкалангандан-талкаланып эле баратат.

Марал:Төраганы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары шайлайт. Бирок шайлоого шаардык кеңештен сырткары саясий күчтөрдүн таасири канчалык?

Мавлян Аскарбеков: Төрагалык кызмат чоң кызмат. Ошого байланыштуу төрага дагы, мэр дагы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, шаардын тургундары тарабынан эмес саясий, олигархиялык, кландык топтор тарабынан шайланып келе жатат.
Марал: Качан анан шаардык кеңеш өз төрагасын өз алдынча шайлоого мүмкүнчүлүк алып, депутаттар менен мэр шаар тургундары үчүн кызмат кылат?

Мавлян Аскарбеков: Биринчиден шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизишибиз керек. Бизнести, караларды, ар кандай олигархиялык топторду саясаттан арылтыш керек. Эң башкысы кландык топтор менен буга чейин саясатта жүргөндөрдүн балдарын саясатка аралашуусуна бөгөт коюу зарыл. Жогорку Кеңеш болобу, шаардык кеңеш болобу принцибине бекем турган, мамлекетти, элди ойлогон күчтүү адамдар келиши керек. Мына ошондо гана бизде өзгөрүүлөр башталат. Азыр шаардык кеңешти карап көрсөк жалаң эле чала ишкерлер же алардын балдары топтолуп алышкан. Эң негизгиси саясатта жүрүп арам акча топтогондордун балдары шаардык кеңешке барып алган. Шаардык кеңешке өмүрү элдин көйгөйүн көтөрүп, аны чечпеген адамдын баары топтолушкан. Алар болсо атасынан же ар кайсы топтордон көз каранды. Элдерден эмес, олигархиялык топторго көз каранды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM