Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Барак эксклавын алмаштыруу туура чечим

Күн чекит | 16 Авг 2018 | 1500 | 0

Өзбекстандын аймагында калган Барак эксклавынын ордуна Өзбекстандын аймагынан жер бөлүнүп берилиши мүмкүн экендиги айтылууда. Бул маселе кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык жумушчу тобунун 7-августта Фергана шаарында өткөн жыйынында каралган. Барак Ош облусунун Кара-Суу районуна карайт. Айрым маалымат каражаттары тилкени алмаштырууну эл өзү суранганын жазышууда. Барак эксклавы, бул сүйлөшүүлөр жөнүндө тагыраак маалыматты Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимовдон алдык.

Марал: Барак эксклавын алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы? Ал кайсы келишимдин негизинде алмаштырылат?

Тилекбек Матраимов: Барак айылы Ак-Таш айыл өкмөтүнө карайт. Ошол жерден Тепе-Курган деген райондон жер тилкесин алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Документтерге кол коюла элек бирок, мамлекеттик комиссия иштеп жатат. Жакынкы убакытта чечилип калышы керек. Биз кандай документтер керек болсо баарын даярдап бердик. Алмашыла турчу Барактын аянты 230 гектарды түзөт.

Марал: Барак эксклавынын калк туруктуу жашаган аймагы канча? Канча түтүн жашайт, ал жерде шарт кандай эле?

Тилекбек Матраимов: Ал жер суулуу жер. Өзбекстан бере турчу жер да суулуу жер. Өзүңөр билгендей, мурунку жылдары чек аралар жабык болгон. Каттам Кызыл-Кыя аркылуу жүрчү, азыр да ошондой. Эми делимитация иштери аягына чыкса, Барак айылынын маселеси да чечилмек деп күтүүдөбүз.

Марал: Бул эксклавды алмаштыруу кайсы тараптын сунушу менен болду?

Тилекбек Матраимов: Жерлерди алмаштыруу сунушу ар тараптан болду деп айта алам. Элге да ыңгайлуу эле болмок. Барак айылында азыркы күнү 25 гана үй-бүлө калган. Калганы башка жакка көчтү. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн Беш-Капа деген участкасынан 151 адамга жер берилген. Ошондой эле, Билгелди айылына да жер тилкелери берилген. Көчкөндөр көчүп кетишкен.

Рахмат!

Марал: Эми ушул Барак эксклавын алмаштыруу маселеси кандай чечилиши керек, бул жөнүндө чек ара маселелери боюнча эксперт Саламат Аламановго суроо узаттык.

Марал: Барак эксклавын алмаштыруу боюнча маселе кандай чечилиши керек?

Саламат Аламанов: Барак эксклавы эзелтен эки мамлекет чек ара боюнча тактоолорду жүргүзө баштагандан бери эле абдан көйгөйлүү маселе болуп келген. Ал жерде өтө аз эле түтүн калганы айтылбадыбы. Эгер чыны менен ушундай болсо, аны башка жер тилкесине алмаштыруу туура эле болот. Негизи жер алмаштыруу практикасы дүйнөдө кеңири жайылган тажрыйба. Ошондуктан алмаштырылуучу жерлердин аянты, сапаты, шарты боюнча эки тарапка тең пайдалуу чечим кабыл алышса, анда абдан жакшы болот. Барак өзү Фергана өрөөнүндөгү өзбек айылдардагыдай эле жашоого ыңгайлуу жер болчу.

Марал: Чыны менен эки тарапка тең пайдасы бирдей болгондой чечим чыгабы?

Саламат Аламанов: Негизи бул абдан туура суроо. Мен өз практикамдан билгендей, маселе кандай чечилсе да сындоочулар табылат. Ар кандай пикирлер боло турганына даяр болуу керек. Бирок мамлекеттик деңгээлде кабыл алынган чечимди элге туура жеткириш керек. Мисалы, алмашыла турган кошуналардын жерин биз тарап тыкыр иликтеп көрүп, бардык шартынан маалымат алышы зарыл.

Марал: Негизи Барак эксклавынын статусу мурун кандай эле? Азыр кандай?

Саламат Аламанов: Советтер союзу учурунда кадимки эле советтик колхоз, айыл болчу. Кийин эгемендикти алгандан кийин, мамилелер катаалдашканда чек аралар жабыла баштады. Ошондо Барак айылынын эли көп кыйынчылыктарга дуушар болушту. Бирок ата-бабадан калган жерди таштап кетүү психологиялык жактан кыйын болгон. Ушундай себептерден улам да Барак маселеси чечилбей келе жаткан. Өзбек тараптын да конкреттүү түрдө мобул жерди беребиз деген сунушу да жок болчу. Азыр эки өлкөгө ылайык келген чечим кабыл алынса жакшы кадам болгону турат.

 

Copyright © 2017 Maral FM