Биз менен байланышыңыз

Окуучуну мектепке даярдоо түйшүгү: ата-энени кыйнаган кымбатчылык

Билим-маданият | 16 Авг 2018 | 1963 | 0

Окуу жылынын башталышына аз убакыт калгандыктан базарларда балдарын окууга даярдап, кийим-кече, окуу куралдарды алып жүргөн ата энелер арбын. Алардын айрымдары бир балага 5 миң сом сарптаганын айтса, кээ бирлери 10 миң сомго чейин акча кетээрин белгилешет. Албетте бул баа товардын сапатына жараша өзгөрөт.

— Башталгыч класстын окуучуларына бут кийим карап жатабыз. 850 сомдон ылдый бут кийим жок. Бир баланын мектепке кеткен чыгымы 5 миң сомдон өйдө болуп калат экен. Жаңы окуу жылына карата баалар дагы көтөрүлүп кетиптир.

— Эки эгиз кызыма кийим карап жүрөм. Баалар бир топ кымбат.

— Спорттук, классикалык костюмдарды, бут кийимдерди, ак көйнөктөн экини жана окуу куралдарын алганда эле 10 миң сомдон эки балага 20 миң сом кетет.

Шаар тургундарынын басымдуу бөлүгү ири базарлардан соода кылаарын эске алып Ош базарынындагы баалар менен таанышып көрдүк. Сатуучу Замира Молдоматова мектеп формалары жылдагы баада сатылып жатканын айтат. Маалым болгондой, ак көйнөктөр 350-400 сом болсо, бирдиктүү формалар 1500-2000 миң сомдун тегерегинде сатылууда.

— Бирдиктүү форманын ичинде юбка, костюм, шым, күрмөсү бар. Кыргызстанда тигилген юбка, шымдар 350 сомдон. Спорттук костюмдар 1000-1200 сомдон сатылууда. Алар кымбат келип жатат. Кытайдын жемпирлери 450 сом. Байпактар 50 сом болуп жатат. Баалар көп деле кымбат эмес. Колунда бар ата-энелер үчүн эч нерсе деле эмес. Кыйналып жашагандар арзаныраак деп Кыргызстанда тигилген кийимдерди алып жатышат. Анда деле шым менен  ак көйнөктү 350 сомдон алат.

Ал эми бут кийимдердин баасы 850 сомдон башталат. Алардын наркы да жасалган материалына, брендине жараша өзгөрүп турат.

— Спорттук бут кийимдердин наркы сапатына жараша. Алсак, 850, 650, 550 сомдуктары бар. Булгаарыдан жасалган бут кийимдер 1000 сом. Кыздардын бут киймдери болсо 650-1000 сом арасында сатылып жатат. Баалар былтыркыдай эле, а түгүл 50 сомго арзан сатылып жатат. Кардарлар жакшы келип жатат. Окууга даярдык эрте башталды.

Окуу куралдарынын бааларына токтоло турган болсок, 12 барактуу дептер 4 сом, китеп тыш 5 сом, 48 барактуу предметтик дептерлердин топтому 250 сомдон сатылып жатат. Ошондой эле сызгычтардын топтому 50 сом болсо, альбомдун наркы 40 сомдон башталат. Бул тууралуу сатуучу Мунара Тургунбаева айтып берди.

— Калем саптар сапатына жараша 4-5 сом. Түстүү калемдин кутусу 50 сом, калем учтагычтар 10-15 сом, замаска 30 сомдон сатылууда. Ал эми калем салгычтар 40-50-100 сомдон бааланып жатат. Пластилин 50 сом, боёктор 80 сом, боёк калемчелери 25 сом. Баалар көтөрүлбөйт, туруктуу сакаталат.

Китеп каптардын эң арзаны 450 сом. Сатуучу Алия Абдыкадырова баалар 1-сентябрга карай туруктуу сакталаарын айтып ишендирди.

— Даярдоочу класстын китеп каптары 300-350 сом. 1-класс үчүн сапаттуу сумкалар 650 сом. Портфелдер 550 сом болсо, өспүрүм кыздар көтөргөн китеп каптар 750 сомдон сатылып жатат. Эң арзан бааны койдук, мындан ары кымбаттабайт.

Кошумчалай кетсек, кыздардын ак бантиктери көлөмүнө жараша 40 сомдон 70 сомго чейин сатылууда.

Copyright © 2017 Maral FM