Биз менен байланышыңыз

Өлкөнү өнүктүрүү программалары талкууланды

Саясат | 15 Авг 2018 | 912 | 0

13-августта Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өттү. Анда Кыргызстандын 2040-жылдарга чейинки өнүктүрүү стратегиясы жана 2020-жылга чейин шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясы каралды. Жыйынга президент, премьер-министр, депутаттар, өкмөттүн өкүлдөрү жана эксперттер катышты. Соңунда жогоруда аталган эки стратегия боюнча долбоор кабыл алынды.

Буга чейин Кыргызстанды 2040-жылдарга чейин өнүктүрүү стратегиясы жана 2020-жылга чейин шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясы коомчулуктун талкуусунан өткөн. Келип түшкөн сунуш-пикирлер эске алынып, долбоор туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында талкууланды.

Бул стратегия өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү саясатын аныктаган жалпы рамка катары каралууга тийиш. Бул тууралуу жыйында президент Сооронбай Жээнбеков айтты.

-Каралып жаткан стратегия комплекстүү мүнөзгө ээ, анда өлкөнүн турмушундагы бардык чөйрө чагылдырылган. Бийликтин бардык бутактарына тиешелүү милдеттерди камтыйт. Бул документ концептуалдык мүнөзгө ээ болот. Анын алкагында ар биринин өзгөчөлүгүн эске алган, бардык тармактардын жана региондордун өнүгүү программалары кабыл алынат. Бул багыттардын ар биринин программалары иштелип жатат. Ар кайсы багыттарды камтыган иш-аракеттерди чачыранды кылбай, баарын теӊ бир багытка буруп, бир максатка үндөп турган кеӊири масштабдагы документ катары —  ушул Улуттук Стратегия  кызмат кылат. Айткан сөз менен кылган ишибиз дал келиши шарт. Мына биринчи ушул жерде отургандар да ошондой бололу. Жакшы программаларды кабыл алдык. Бизди өнүктүрбөй жаткан ички бюрократия. Баарыңар жоопкерчиликти алуудан качып жатасыңар. Стратегияда, шайлоодо күнөө жок. Күнөө өзүбүздө. Азыр стратегияда эмне жазылганын билбейсиңер. Окубай келгенсиңер.

Жээнбеков жалпы максаттар, аткарылчу иштер Улуттук кеӊеште аныкталганы туура болорун жана ал президенттин жарлыгы менен бекитилерин белгиледи.

Отурумдун жүрүшүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт тарабынан 2040-жылга карата жасала турган иштер, пландар тууралуу маалымат берди.

Анын маалыматында, бул аралыкта 300 миң жумушчу оруну түзүлөт. Ал эми бизнестин натыйжалуулугун 50%га көбөйтүү жана инвесторлорго карата мамиле өзгөртүлөт.

 Алдыдагы жылдарда 300 миң жаңы жумуш орун түзүүнү көздөп жатабыз. Биздин максат – Кыргызстанды бизнес рейтинги боюнча дүйнөдөгү мыкты 50 өлкөнүн катарына киргизүү. Ишкердикти текшерүү азаят. Өкмөт ишкерлердин Бизнес-акыйкатчы институтун ачуусун колдойт. Инвестициялык талаш-тартыштарды соттук эмес жол менен чечүүгө аракет кылабыз.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча долбоорго токтолуп, сунуштарын берди.

Анын айтымында, өлкөдө 800 миң жаран биометрикалык каттоодон өтө элек. Өкмөт бул кемчиликти тезинен жоюусу керек.

-Канчалык көп жарандар шайлоого катышса, ошончолук бийликке ишеним артат. Жарандарга шайлоого катышуу алардын милдети экенин түшүндүрүш керек. Шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизилип жатыптыр. Менимче, ал боюнча пикирлерди Жогорку Кеңешке киргизилгенде айтабыз.

Парламенттеги «Бор Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов улуттук стратегияда каралган пландарды ишке ашырууга каражат булактарын аныкташ керектигин билдирди. Ошону менен бирге мурунку кабыл алынган улуттук стратегиялык долбоордун 17 пайызы гана ишке ашырылганын сындады.

— 2017-жылга чейин өнүгүү стратегиясында каралган бир катар иш-чаралар каражаттын жоктугунан улам ишке ашпай калган. Бул документте тышкы карыз жөнүндө айтылбаган.  Аны төлөмөйүнчө иш алдыга жылбайт.  Өкмөт мындай сунуштарды так аныкташы зарыл.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов өлкөгө негизиги каражат «Кумтөр» алтын кенинен жана сыртта иштеп жүргөн мигранттардан келээрин айтып, мекендештердин акчасын иштетүүгө шарт түзүүнү сунуштады.

-«Мекендештер» форумунда ишкерлерге шарт түзүлсө алар өлкөгө кайтып келүүгө, инвестиция салууга даяр экенин айтышты. Аймактарды аким, облус башчысы өнүктүрө албайт. Алардын укуктары чектелген. Өнүгүүнү инвестиция, акча ишке ашырат. Азыр бизге «Кумтөр» кени менен мигранттар эле акча берет. Сырттан акча келмейинче өнүгө албайбыз. Биз алгач потенциалдуу мекендештерибизди артка кайтарбайлыбы? Ошолор өнүктүрөт. Биз да парламенттин атынан колдоо көрсөтөт элек.

Отурумдун жыйынтыгында катышуучулар тарабынан айтылган сунуштар эске алынаары айтылды.

Айта кетсек, буга чейинки экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн 2017-жылга чейинки стратегиясы иштелип чыккан. Кийин бул документ 2040-жылга чейин болуп кайрадан иштелди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM