Connect with us

УКМК Бишкек шаарынын аскер комиссарлары коррупцияга шектелип кармалганын билдирди

Кыска кабар | 28 Дек 2024 | 216 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын Ленин жана Аламүдүн райондук аскер комиссариаттарынын аскер комиссарлары коррупцияга шектелип кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, 12-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Аскер прокуратурасы менен биргеликте Коргоо министрлигинин аймактык бөлүмүнүн аскер кызматкерлеринин бирин Бишкек шаарынын райондук комиссариатына которуу үчүн пара алып жаткан жеринен Коргоо министринин жардамчысы полковник О.У.Ж. кармалды.

Ошондой эле 2024-жылы 17-декабрында  УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинде (коррупция) каралган кылмыш жасоо белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын Ленин жана Аламүдүн райондук аскер комиссариатынын аскер комиссарлары  полковник К.Н.К.  жана полковник Ж.Ж.Ж.ны кармаган. Алар акчалай сыйлык үчүн системалуу негизде аскердик каттоого алуу жана мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу менен аскердик билеттерин берүү менен алектенишкен (б. а. жарандардан акча чогултууну жүзөгө ашырышкан).

Жогорудагы аскер кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалып, 2025-жылдын 17-февралына чейин Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун  аскер комендатурасынын башкармалыгына жайгаштырылды. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM