Connect with us

Быйыл эт өндүрүүнүн көлөмү 2,6 пайызга өстү

Кыска кабар | 23 Дек 2024 | 161 | 0

2024-жылдын 1-декабрына карата 414,4 миң тонна эт өндүрүлдү. Бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 миң 425 тоннага көп экенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштеүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Өлкөдө эт өндүрүүнүн жогорулашы малдын көбөйүшүнө байланыштуу экени айтылды.

Мындан тышкары, быйыл 11 айда 1692,5 миң тонна сүт өндүрүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине карата 38208 тоннага көп. Саан уйлардын саны быйыл былтыркы жыл менен салыштырмалуу 16,5 башка көбөйгөн.

Бүгүнкү күнгө карата республикада 7 млн 344 миң 54 даана жумуртка өндүрүлдү, бул былтыркы жылдын ушул мезгили менен  салыштырмалуу 95 миң 830 даанага көбүрөөк.

Жумуртка өндүрүүнүн жогоруулашынын себеби тооктордун саны 571,1 миң башка көбөйүшү жана тооктордун орточо тукумдуулугу 18 даана жумурткага жогорулашы менен байланыштуу.

2024-жылдын ноябрь айына карата өлкөдө 13157,4 тонна жүн өндүрүлдү, бул көрсөткүч 243-тоннага көп, бул былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 101,9 пайызды түзгөн.

Жүн өндүрүү республиканын бардык облустардын чарбаларында көбөйүшүү байкалат, себеби, койлордун саны 37609 башка көбөйүшү жана 1 койдон кыркылган орточо жүндүн 0,3 кг жогорулашы менен байланыштуу.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM