Connect with us

Министрлик Түштүк Кореядагы кыргызстандыктарды сак болууга чакырды

Кыска кабар | 4 Дек 2024 | 187 | 0

Тышкы иштер инистрлиги Кореяда аскердик абал жарыялангандыгына байланыштуу бул өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын сак болууга чакырып, зарыл болбосо жашаган жеринен чыкпоону сунуштады.

Министрлик кырдаалдын өнүгүшүнө кылдат көз салып жатканын, Кыргызстандын Сеулдагы элчилиги Кореянын тиешелүү органдары менен дайыма байланышта экенин билдирди.

Өзгөчө кырдаал болгон учурда +82 10 9798 0951 телефон номери аркылуу элчиликке кайрылса болот.

3-декабрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль элге кайрылуусунда өлкөдө аскердик абал киргизилгенин жарыялаган.

Түштүк Кореянын армиясы өлкөдө аскердик абалдын киргизилишине байланыштуу парламенттин жана саясий партиялардын ишине тыюу салынганын, бардык маалымат каражаттары жана басмаканалар аскердик абалдын командачылыгынын көзөмөлүнө өтүшү керектигин жана бардык медициналык кызматкерлер 48 сааттын ичинде жумушка кайтуусу керектигин жарыялады.

Полиция Түштүк Кореянын парламентинин имаратын курчоого алып, ал жакка кирүүгө Улуттук ассамблеянын мүчөлөрүнө гана уруксат берилген.

Президенттин мындай күтүүсүз аракети алты сааттан кийин ийгиликсиз аяктады, парламент аскердик абалды алып салууга добуш берип, президент артка чегинди.

Андан кийин министрлер кабинети чогулуп, аскердик абалды алып салуу боюнча добуш берди, деп билдирди Yonhap. Аскер кызматкерлери өз бөлүктөрүнө кайтып келишти.

Бүгүн эртең менен президенттин аппараты толугу менен кызматтан кетти. Президент өзү дагы жергиликтүү убакыт боюнча саат онго чейин эч кандай жаңы билдирүү жасай элек.

Copyright © 2017 Maral FM