Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Орусиянын Саратов облусундагы жол кырсыгы тууралуу маалымат берип, жабыркагандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди.
1-декабрга караган түнү саат 02:20 чамасында Саратов облусунун Ершов шаары менен Озинки айылынын ортосундагы трассада кыргызстандыктар бараткан унаа кырсыкка кабылган.
Ичинде 8 кыргызстандык менен бараткан Toyota Sienna үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу башкарууну жоготуп, унаа жолдон чыгып кеткен. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн бири 27 жаштагы Т.У. жеринде мүрт кеткен. Беш жаран Энгельс шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген.
29 жаштагы айдоочу оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калган жүргүнчүлөрдүн абалы орточо оордукта деп бааланууда.