Connect with us

«Айкөл Манас» алтын коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгарылды

Кыска кабар | 2 Дек 2024 | 214 | 0

Улуттук банк элдик оозеки чыгармачылыкты жайылтуу, маданий мурасты сактоо жана улам кийинки муунга таанытуу максатында 2-декабрдан тарта «Айкөл Манас» алтын коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды.

«Айкөл Манас» монетасынын алдыңкы бетинде ак мөңгүлүү Ала-Тоонун алкагында соот кийип, Аккула атын чаап бараткан Манас баатырдын образы чагылдырылган.

Монетанын жогорку бөлүгүндө: «Айкөл Манас / Aikol Manas» жазуусу, ал эми, оң жагында металлдын сапаты (Au 999) жана монетанын салмагы (15,55 г) түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында анын номиналы (200) жана сомдун графикалык белгиси (С) көрсөтүлгөн. 

Монетанын арткы бетинде кыргыз жоокерлерин символдоштурган улуттук орнаменттердин алкагында Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн.

Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазуу жайгашкан. Төмөн жагында анын чыгарылган жылы түшүрүлгөн.

«Айкөл Манас» монетасы өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган. 

Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 123 миң 400 сом баасында сатылат.

Copyright © 2017 Maral FM