Connect with us

Кыргызстан эл аралык көргөзмөдө 7 млн евролук келишимдерге жетишти

Кыска кабар | 21 Ноя 2024 | 138 | 0

12–15-ноябрь күндөрү Германиянын Ганновер шаарында дүйнөдөгү эң ири эл аралык агрардык EuroTier-2024 көргөзмөсү өттү.

Бул иш-чара агроөнөр жай комплексинин алдыңкы технологияларын, инновациялык чечимдерин жана дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген адистерди бириктирди.

Негизги көңүл мал чарбачылыгындагы, канаттуулар чарбасындагы жана аквакультурадагы инновацияларга бурулду.

Кыргызстандын делегациясы, анын ичинде 15 өкүлдөн турган Кыргызстандын АПКны өнүктүрүү ассоциациясы иш-чарада Кыргызстандын айыл чарба секторунун жетишкендиктерин көрсөтүп, эл аралык байланышты бекемдеп жана стратегиялык келишимдерге кол койду.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө Кыргызстан 7 млн евродон ашуун суммадагы келишимдерди түзүүгө жетишти.

Анын ичинде:

         •        1,6 млн евро – Германиялык Big Dutchman компаниясы менен 2025-жылы асыл тукум жөжөлөрдү жеткирүү боюнча келишим.

         •        1,5 млн евро – Голландиялык Pas Reform компаниясы менен жабдууларды жана запастык бөлүктөрдү жеткирүү келишими.

         •        1,5 млн евро – Голландиялык Nutrevet компаниясы менен ветеринардык дары-дармектерди жана премикстерди жеткирүү боюнча келишим жана башкалар.

Көргөзмөдөгү негизги багыттар:

         •        Айыл чарбадагы алдыңкы технологияларды жана инновацияларды алып келүү;

         •        Экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана эл аралык байланышты бекемдөө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM