Бишкек – Ош унаа жолундагы «Арал» жана «Сосновка» постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн саат 08:30да алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ, 20-ноябрда кечке маал Бишкек-Ош унаа жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында убактылуу жабылган.