Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, саат 14:00гө карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу 14,04% түздү. Жалпы шайлоочулардын 580 452си добуш берди.
Анын ичинен шаардык кеңештерге шайлоолорго шайлоочулардын катышуусу 12,44%, айылдык кеңештерге катышуу 15,07 пайыз болду.
Өлкө боюнча жалпысынан 4 миллион 135 миң 39 шайлоочу бар.
Бүгүн 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык жана 231 айылдык кеңештерге депутаттар шайланат. Добуш берүү таңкы саат 08:00дө башталган, кечки саат 20:00дө жыйынтыкталат.