Бүгүн, 17-ноябрда саат 10:00гө карата республика боюнча жалпысынан 4 миллион 135 миң 39 шайлоочунун ичинен 93 миң 176 жаран добуш берди.
Бул шайлоочулардын 2,25 пайызын түздү.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаров брифингде билдирди.
Аймактар боюнча:
— Баткен облусу — 2,39%,
— Ош облусу — 2,24%,
— Жалал-Абад облусу — 2,96%,
— Нарын облусу — 2,38%,
— Ысык-Көл облусу – 2,32%,
— Чүй облусу — 1,41%,
— Талас облусу – 3,76%,
— шаардык кеңештер боюнча үчүн — 2,9%.
Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарында жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.
Добуш берүү 17-ноябрда таңкы саат 08:00дө башталып, 20:00гө чейин уланат.