Connect with us

Бишкекте чырдаша кеткен жубайлардын бири каза болду, бири ооруканада

Кыска кабар | 15 Ноя 2024 | 148 | 0

Бишкекте жубайлар кызганычтан улам чырдаша кеткен. Анын кесепетинен 27 жаштагы Н.А аттуу келин бычакталып, ооруканага жеткирилген. Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай келин ооруканада каза болгон.

Аны күйөөсү 34 жаштагы жаран да бычактан алган жарааты менен ооруканага жеткирилген, ал учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө экени айтылды.

Маалым болгондой, Бишкектин Арча-Бешик конушунун Шералиев көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн биринде 1997-жылы туулган Н.А. менен анын күйөөсү 1990-жылы туулган А.Р. аттуу жарандын ортосунда кызганычтан улам чыр чыккан. Туугандары экөөнү тең ооруканага жеткиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM