Connect with us

Акылбек Жапаров өлкөдө канча батир курулуп жатканын айтты

Кыска кабар | 14 Ноя 2024 | 207 | 0

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 26 млрд 2 млн сомго жеткирилди. Бул тууралуу парламенттин 14-ноябрдагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.

2025-жылы компанияга 12 млрд сом бөлүү каралган. Алдыңкы үч жылда Ипотекалык компаниянын активи 29 млрд сомго көбөйтүлөт.

Акылбек Жапаров учурда өлкөдө 40 миң 35 батир салынып жатканын, ага 170 млрд сом керек экенин айтты.

«Биз компаниянын капиталын 100 млрд сомго жеткирсек, калганы кайра кайтып келе турган каражаттын эсебинен өзү менен өзү салынып кете берет. Ошентип, 2030-жылдары ипотекалык компания өзүн-өзү актаган мезгилге жетет деген прогнозубуз бар» , — деди Акылбек Жапаров.

Анын маалыматына караганда, Бишкекте 17 миң 255, Жалал-Абадда 6996, Ысык-Көлдө 5115, Нарында 433, Таласта 290, Ош облусунда 5674, Баткенде 4272 батир курулууда. Бул батирлер 3-4 жылдын ичинде салынып бүтөт. Учурда кезекте 38 миң адам бар.

Copyright © 2017 Maral FM