«Китепстан» басма үйү Гарвард университетинин профессору Жон Коттердин «Кырсык тооруган айсберг» (Our Iceberg Is Melting) китебин кыргызчага которду.
Китеп бардык окурмандарга сунушталат. Аны Алтынай Токтоматова кыргызчалаган.
«Кырсык тооруган айсберг» тамсили Антарктикадагы император пингвиндердин ийгиликтүү өзгөрүү жараянын чагылдырат. Бул бестселлерде тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө олуттуу көйгөйдү көрө билүү, күчтүү калканыч табуу, багытты так аныктоо, өзгөрүүгө көнбөгөн кежирлердин тилин табуу жана башка ушул сыяктуу алга сүрөгөн бардык кадамдар айтылган.
Китептин автору Жон Коттер – менежмент жана лидерлик багыты боюнча адис. Бир нече белгилүү эмгектин автору. Ал «Кырсык тооруган айсберг» китебин Холгер Ратгебер менен биргеликте жазган.