Биз менен байланышыңыз

Оорукана жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салган долбоор талкууланды

Кыска кабар | 11 Ноя 2024 | 190 | 0

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин 11-ноябрдагы жыйынында Өлкө жарандарынын саламаттыгын сактоо жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Долбоорду Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы, Бахридин Шабазов сунуштаган. Ага ылайык, мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерин жеке клиникаларда бир убакта жумушка орноштурууга тыюу салууну киргизүү сунушталууда.

Талкуу учурунда депутат Айсулуу Мамашова жетекчилик кызматтарга ошол эле адамдар кайра-кайра келе бербеши үчүн кадрлар резервин түзүү принциптерин өзгөртүү зарылдыгына токтолду.

Анын айтуусунда, медициналык мекемелердин жетекчилери жеке клиникаларда иштөөгө алаксыбай, өздөрүн толугу менен өз милдеттерине жана өз мекемесин натыйжалуу башкарууга арнашы керек.

«Көп жетекчилер бейтаптарга өзүнүн клиникасына барса операцияны эртең жасайм деп, эгер мамлекеттик ооруканадан жасатсаң бир айдан кийин жасайм деген шылтоону айтышат. Алар түнү менен өз клиникасында иштеп, эртеси мамлекеттик ооруканада кандай иштейт, иштин сапаты кандай болот. Ал өзүнүн клиникасынын кызыкчылыгын көздөйт», — деди депутат.

Эл өкүлү Элдар Абакиров оорукана жетекчилеринин иштөө мөөнөтүн кыскартууну сунуштады.

Депутат Мирлан Самыйкожо кадр тармагында кандай гана реформалар болбосун, алар өз иши үчүн күйгөн, алмаштырылгыс жетекчилерди жоготуп албагандай жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

Copyright © 2017 Maral FM