Бишкек – Ош унаа жолунун 127-чакырымына түшкөн кар көчкү тазаланып, каттам берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тазалоо иштери 9-Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.
Эскерте кетсек, кар көчкү бүгүн саат 09:10до түшүп, жолду жаап калганына байланыштуу каттам убактылуу жабылган.