Биз менен байланышыңыз

Түрк мамлекеттер уюмунун саммити: 4 миң милиция коопсуздук көзөмөлдөйт

Кыска кабар | 4 Ноя 2024 | 185 | 0

Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммити жана Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын мамлекеттик сапары учурунда 4 миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти сактоону камсыз кылат.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинен кабарлашты.

5-6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун президенттеринин саммити өтөт жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет.

Ички иштер министрлиги тарабынан коопсуздукту жана коомдук тартипти талаптагыдай камсыз кылуу максатында оперативдүү штаб түзүлдү. Ички иштер органдарынын өздүк курамы жогорулатылган режимде кызмат өтөйт.

Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жерлер өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бул иш-чараларды өткөрүү мезгилинде жолдордун айрым жерлеринде маал-маалы транспорт каражаттарынын кыймылы чектелет.

Copyright © 2017 Maral FM