Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Жан башына ИДПнын үлүшү 2500 доллардын тегерегинде болушу күтүлүүдө

Кыска кабар | 4 Ноя 2024 | 116 | 0

Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин ички дүң өнүмдүн көлөмү калктын жан башына болжол менен 2500 долларга жетиши күтүлүп жктанын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү» темасына арналган улуттук форумда сүйлөп жатып билдирди.

Акылбек Жапаров өткөн жылы Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 1,2 триллион сомдон ашса, быйыл бул көрсөткүч 1,5 триллион сомго жетиши күтүлүп жактанын билдирди.

«Биз жан башына ИДП 2500 доллардын тегерегинде болот деп күтүп жатабыз, ошондуктан ИДП төрт жылда эки эсе өстү деп айта алабыз. Үч жылдын ичинде өлкөнүн бюджети үч эсеге көбөйдү, 2020-жылы 247,7 миллиард сомду түздү, ал эми 2024-жылы 660 миллиард сомдон ашат», — деди ал.

Жапаров Кыргызстанды жаңы бийиктиктерге көтөрө турган бирден-бир байлык көп улуттуу элге мүнөздүү адамдык капитал экенин белгиледи. Президент өкмөткө жарандардын потенциалын ачуу, сапаттуу билим алуу жана жаңы кесиптерди өздөштүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, ден соолукту чыңдоо, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү, жумуш орундарын көбөйтүү жана ар кандай демилгелерди колдоону милдеттендиргенин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM