Connect with us

Тажикстанда GTA жана Counter-Strike оюндарын ойноого тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Ноя 2024 | 530 | 0

Тажикстандын өкмөтү интернет айдыңында мыкаачылыкты жайылткан оюндарга чектөө киргизди. Бул тууралуу Дүйшөмбү шаарынын ички иштер башкармалыгына тиешелүү Телеграм канал жазды.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын укук коргоо органдары зордук-зомбулук, киши өлтүрүү жана тоноонун элементтерин камтыган оюндарды мындан ары тыкыр көзөмөлгө алат. Мындан улам кеңири жайылган GTA жана Counter-Strike өңдүү оюндарга тыюу салынды. Себеби аталган оюндар мыкаачылыкты жайылтып, жаш балдардын аң сезимине терс таасир тийгизет, — деп билдирген тажик милициясы.

Ошондой эле коопсуздук кызматкерлеринин атайын изилдөөсүнүн жыйынтыгында, жаш балдар аталган оюндардын таасири аркасында ар түрдүү кылмыш иштерине барып жатат деген тыянак чыгарышкан.

Учурда аталган интернет оюндарын чектөөгө алуу боюнча тиешелүү жактарга кайрылуулар жиберилген. Муну менен катар ата-энелерге да балдарын көзөмөлдөө керек экени айтылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM