Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Чоң Чүй каналынан 59 жаштагы адам изделүүдө

Кыска кабар | 1 Ноя 2024 | 73 | 0

Бишкек шаарынын Свердлов районунда  20-октябрь  күнү 59 жаштагы М.А.  аттуу жаран үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 31-октябрь күнү дайынсыз болгон жарандын кызынын кайрылуу катынын негизинде издөө иши башталып, 7 куткаруучу тартылган.

Дайынсыз болгон жарандын уюлдук телефону Чоң Чүй каналы жактан өчүп калгандыгы аныкталгандыгын жакындары билдирген. Ага ылайык издөө сууда кайык менен жүрүүдө.

Жеринде Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын 7  куткаруучусу иш алып барууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM