Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Токтогул райондук бөлүмүнөн 7 куткаруучу, бир унаа тартылды.
Бишкек-Ош унаа жолунун 314-чакырымынан Токтогул суу сактагычына чейин Көкөмерен дарыясынын жээгинде издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 08:10до чыгып кетишкен.
Учурда ӨКМ менен ИИМден жалпы 81 кызматкер, 6 дрон жана жергиликтүү жарандар болуп, чогуу 107 адам жеринде издешүүдө.
Өрнөк айылында 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат ӨКМге 19-октябрда түшкөн. Ошондон бери алар изделип жатат.
Президент Садыр Жапаров окуяга реакция кылып, издөөнү күчөтүүнү тапшырган.