Биз менен байланышыңыз

Ошто диний окуу жайлардагы абал талкууланды

Кыска кабар | 9 Окт 2024 | 93 | 0

Ош облусунда диний окуу жайлардын директорлоруна чукул жыйын өткөрүлүп, Ноокат районундагы медреседе болгон каргашалуу окуяга байланыштуу диний окуу жайларла мыйзамдардын талаптарынын аткарылуусун камсыздоо, ички тартиптерин көзөмөлдөөнү күчөтүү маселелери талкууланды.

Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан билдиришти. Жыйынга УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы, Ош облустук милициясынан жана Ош облустук казыятынын өкүлдөрү катышты.

Облус аймагындагы ислам институттарынын, медреселердин жана диний окуу борборлордун мүдүрлөрүнө диний окуу жайдын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө жоопкерчилик менен мамиле кылуу, мыйзамдын чегинде иш алып баруу, студенттердин тиешелүү документтерин толуктоо жана сабактан сырткаркы убактарында көзөмөлдү күчөтүү боюнча түшүндүрүлдү.

Мындан тышкары, имараттарга видео байкоо камераларын орнотуу керектиги айтылды.

Ошондой эле, жогоруда берилген тапшырмалардын аткарылуусу боюнча жакынкы күндөрдө облус аймагындагы жалпы диний окуу жайлар үчүн атайын мониторинг жүргүзүлөрү белгиленди.

7-октябрда Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседе 14 жаштагы бала бычакталып каза болду.

Ноокатта медресеге дем салдыруу үчүн келген өспүрүм бычак жеп каза болду

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM