Биз менен байланышыңыз

«Көп эркелебеңиз». Жогорку Кеңештин төрагасы Орунтаевди сынга алды

Кыска кабар | 9 Окт 2024 | 138 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин 9-октябрдагы жыйынында Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаевди сынга алды.

Аны ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

«Негизинен айтылган сөз, атылган ок дейт, болгонун болгондой айтыш керек. Бүгүн да чакырылган жыйынга келбей, орун басарыңызды жиберип, кийин атайын чакыруу менен өзгөчөлөнүп келдиңиз. Сиз көп эркелебеңиз. Ар бир бийликтин тушунда сизге окшогон «эрке» балдар болгон. Бирок алардын тагдыры эмне менен бүткөнүн көргөнбүз. Биринчи ошол эрке балдар жазаланат. Алар сыяктуу сиз минтип бийликтин ишине көлөкө түшүрбөңүз», – деди төрага Шакиев.

Жыйындын башында бир катар депутат министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Бакыт Төрөбаевден депутаттардын ишине баа берген аткаминерди жоопкерчиликке тартууну талап кылышты.

Депутат Марат Мураталиев Талас облусунда Көпүрө-Базар айылындагы ооруканада саламаттыкты сактоо министри менен биргеликте тургундар менен жолугушуу болгонун айтты. Анда мамкурулуштун жетекчисинин орун басары депутаттардын мамлекеттик мекемеге кирүүсүндө алардын жетекчилеринин уруксаты керектигин айткан.

«Мага Мамкурулуштун жетекчисинин орун басары телефон чалып, эмнеге ал жакка бардыңар деп атат. Эмнеге киресиңер деп атат. Биз депутаттар эл менен кайсы жерде болсо да жолугууга укугубуз бар» ,  деди депутат жана бул маселени кароону өтүндү.

Депутат Дастан Жумабеков эгер бул учур тастыкталса, Мамкурулуштун жетекчисинин орун басарына чара көрүүнү талап кылды.

Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Бакыт Төрөбаев жогоруда айтылган аткаминерге карата кызматтык иликтөө жүрөрүн билдирди.

Бүгүн парламентте 2024-2025-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулууда.

Copyright © 2017 Maral FM