Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында депутат Гуля Кожокулова быйыл энергетика тармагында 3 миңге жакын авариялык өчүрүү болгонун мисал келтирип, кыш мезгилинде бул багытта абал кандай болорун сурады.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйылкы жылы болгон авариялык өчүрүүлөр негизинен шамал жана жаан-чачындуу аба ырайына байланыштуу болуп жатканын айтты. Министр кыш мезгилинде веердик өчүрүүлөр болбой турганын белгиледи.
«Биз авариялык учурдарды карап чыктык, кесепеттерин жоюуга даярдыктын 85%ын бүтүрдүк, 1-ноябрга чейин бардык иштерди бүтүрөбүз. Кырсыктар көбүнчө кыш мезгилинде ашыкча жүктөмдөн болуп жатат, бүгүн бардык кемчиликтерди жоюп жатабыз», — деп түшүндүрдү министр.
Анын маалыматына караганда, 2024-жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13,033 миллиард куб метрди түздү. Бул 2023-жылдын 1-октябрына салыштырмалуу 1,289 миллиард куб метрге көп.
«Токтогул суу сактагычынын суу-энергетикалык ресурсун сарамжалдуу пайдалануу максатында, 3,195 миллиард кВтсаат өлчөмүндө электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдер түзүлүп, 2024-жылдын 1-октябрына карата иш жүзүндө 2,561 миллиард кВтсаат импорттолгон», — деди Ибраев.
Бүгүн парламентте 2024-2025-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулууда.