Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Нурлан Мотуев кармалганын 31-октябрда билдирди.
16-октябрда шаардык милициянын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда @nurlan_motuev_official аккаунтуна улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнө карата терс сөздөрдү айткан видеону жарыялаганын аныкташкан.
Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталып, экспертиза дайындалды.
Ал улуттун аз өкүлдөрүн басынтып, алардын улутуна ар кандай мүнөздөмө берүү менен коомчулукту интернет желелери аркылуу үгүттөп, улуттар аралык кастыкты козутууга аракет кылганы айтылууда.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси – «Расалык, этникалык, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» менен кылмыш иши козголду.
Нурлан Мотуев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.