Биз менен байланышыңыз

«Келишим бузулушу мүмкүн». Жапаров телефондорду каттоонун маанилүүлүгүн эскертти

Кыска кабар | 7 Окт 2024 | 146 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров уюлдук телефондордун IMEI коддорун Мамлекеттик идентификациялоо системасында (МИС) каттоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын, анын ичинде Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилери катышты.

Акылбек Жапаров жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана телефондорду мыйзамсыз ташып келип жана сатуу учурларына каршы күрөшүү үчүн уюлдук телефондордун IMEI коддорун каттоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле бул иш каттоонун жүрүшү тууралуу маалыматтын жоктугунан жана кызматка кирүүдөгү көйгөйлөрдөн улам жарандардын нааразычылыгын жаратып жатканын белгиледи.

Акылбек Жапаров зарыл болгон учурда чечкиндүү чаралар көрүлөрүн, IMEI коддорду каттаган компания менен келишимди бузуу чаралары да колдонулушу мүмкүн экенин айтты.

Быйыл 25-июндан тарта Кыргызстанда мамлекеттик идентификациялоо системасында мобилдик түзүлүштөрдү милдеттүү түрдө каттоо киргизилген. Идентификациялоонун бекитилген тартибине ылайык, уюлдук телефондордун негизги массасын Кыргызстандын аймагына сатуу же башка ишкердик кылуу максатында ташып келүүдө импорттоочулар каттоого тийиш.

Кыргызстандын ичинде мыйзамдуу түрдө алынып келинген, колдонууга коопсуз жана IMEI-коду боюнча катталган уюлдук телефондорду гана сатууга уруксат берилет.

IMEI-код — бул SIM-картасы менен ар бир аппаратка ыйгарылган, анын идентификатору катары кызмат кылган эл аралык уникалдуу 15 сандуу номер.

Уюлдук телефондорду каттоонун жол-жобосу

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM