Биз менен байланышыңыз

Уюлдук телефондорду каттоонун жол-жобосу

Блог , Кыска кабар | 16 Июл 2024 | 635 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 25-июнунан тарта Кыргызстанда мамлекеттик идентификациялоо системасында мобилдик түзүлүштөрдү милдеттүү түрдө каттоо киргизилген. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому 2022-жылдын май айында бекитилген.

Идентификациялоонун бекитилген тартибине ылайык, уюлдук телефондордун негизги массасын Кыргызстандын аймагына сатуу же башка ишкердик кылуу максатында ташып келүүдө импорттоочулар каттоого тийиш.

Бул демилге керектөөчүлөрдүн укуктарын жасалма түзүлүштөрдү сатып алуудан жана пайдалануудан коргойт, мобилдик байланыш кызматтарынын ачык-айкын жана коопсуз рыногун түзүүгө өбөлгө түзөт. Мамлекеттик идентификациялоо системасын киргизүү мобилдик телефондорду мыйзамсыз пайдаланууну жана уурдоону кыйла азайтат.

Кыргызстандын ичинде сатууга мыйзамдуу түрдө алынып келинген, колдонууга коопсуз жана IMEI-коду боюнча катталган уюлдук телефондорго гана уруксат берилет.

IMEI-код — бул SIM-картасы менен ар бир аппаратка ыйгарылган, анын идентификатору катары кызмат кылган эл аралык уникалдуу 15 сандуу номер.

Импорттоочулар үчүн системанын ишке киришинин кандай пайдасы бар?

Бардык импорттоочулар сатуу үчүн Кыргызстанга алып келген мобилдик телефондун кодун каттоого милдеттүү. Түп нуска, коопсуз, бажы жана салык органдарында декларацияланган түзүлүштөр гана катталат, бул салык системасында ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту жогорулатат, ошондой эле ишкерлер арасында чыныгы атаандаштык чөйрөсүн түзөт.

Аппаратыңызды кантип текшерсеңиз болот?

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо үчүн өлкө ичинде сатып алуу алдында милдеттүү түрдө IMEI-коду боюнча телефондордун аныктыгын жана каттоо статусун текшерүү зарыл. Мындай текшерүү төмөнкү ыкмалар менен жүзөгө ашырылат:

www.imei.kg сайтында телефондоруңузда *5656# атайын кыска кодун терүү менен My Beeline, Mega 24, О! байланыш операторлорунун тиркемелери аркылуу.

Жеке телефон аппаратын каттоо зарылбы?

Мындан ары Кыргыз Республикасынын рыногунда (анын ичинде дүкөн текчелери жана онлайн базарлар) мамлекеттик системада катталган телефондорду гана сатууга уруксат берилет. Ошондуктан аппараттарды сатып алуучу адамдар аппараттарды өз алдынча каттоого муктаж эмес.

Бүгүнкү күндө жергиликтүү байланыш операторлорунун байланыш кызматтарын (SIM-карталарды) пайдаланган бардык уюлдук телефондор МИСде бекер каттоодон өткөн. Системанын толук масштабдуу ишке кириши менен бекер каттоо үчүн жөн гана аппаратыңызда байланыш операторлорунун (Mega, Beeline, O!) SIM-картасын активдештирүү жетиштүү.

Системаны ишке киргизгенден кийин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жеке колдонуу үчүн сатылып алынган бардык уюлдук телефондор (мисалы, эгерде колдонуучулар чет өлкөдөн аппараттарды алып келишсе же аларды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары онлайн булактардан, мисалы, Wildberries, Ozon, Amazon, Aliexpress ж.б ушул сыяктуу эл аралык базарлардан сатып алышса) www.imei.kg сайтында жарыяланган көрсөтмөлөргө ылайык катталууга тийиш.

Роумингде болгон (чет элдик байланыш операторлорунун SIM-карталарын колдонуу) түзүлүштөр каттоону талап кылбайт.

Кеңири маалымат алуу үчүн МИСтин веб-сайтына кириңиз: www.imei.kg

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM