Биз менен байланышыңыз

«Бул кара пиар». Элчи Исмаилова депутаттарга жооп берди

Кыска кабар | 2 Окт 2024 | 144 | 0

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин депутаттарынын сынына жооп берди. Ал видео кайрылуу кылып, социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Элчи акыркы мезгилде кыргыз-кореялык соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн билдирди.

Ал ишмердигине карата кара пиар жасагандар мыйзам алдында сөзсүз жооп берет деген үмүтүн билдирди.

«Кээ бир адамдардын тобу ишке чоң тоскоолдук жаратышууда, анын катарында азыр чет элдик жаран саналган, Кыргызстандын Кореядагы Ардактуу консулу да бар. Белгилей кетсек, аталган жактар Кыргызстанда ишмердик жүргүзгөн корей компаниялары үчүн ортомчулук кызмат көрсөтүп, бирок аны жеке пайда көрүү кызыкчылыктары үчүн жүргүзүшөт. Бул иштерге мен тараптан бөгөт коюлган, ошол себептен коомчулукта терс пикир жаратуу максатында менин жана элчиликтин ишине тийиштүү каралоо жана жалган маалымат таркатуу боюнча комплекстүү кампания жүргүзүп жатышат», — деди Аида Исмаилова.

Ал өзү элчи болуп иштегенден тарта Бишкек-Сеул түз авиакаттамы ачылып, быйылкы жылдан баштап жумасына 3 жолу каттап, туризм тармагына чоң салым кошуп жатканын белгилеген.

Ошондой эле инвестициялык долбоорлор катары үстүбүздөгү жылы кыргыз-корей BC Card Kyrgyzstan накталай эмес төлөм системасы ачылганын, долбоор көмүскө экономикадан чыгууга багытталып, өлкө экономикасын өстүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.

DAESUNG IDS компаниясы менен лифт жабдуулар өндүрүшүн ачууга даярдыктар жүрүүдө. BNK Capital түштүк кореялык банк өкүлчүлүгүн ачуу, ошондой эле учурда “жашыл технологиялар”, айыл чарба, IT-технология, билим берүү, саламаттык сактоо, туризм тармагында жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча даярдык иштери активдүү жүрүп жатканы айтылды.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети 30-сентябрдагы жыйынында Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилованын ишмердигин текшерип чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушталды. Депутат Кубанычбек Самаков элчинин ишмердиги боюнча Түштүк Кореядагы мекендештерден кайрылуу түшүп жатканын айткан.

Элчи Аида Исмаилованын ишмердигин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушталды

Copyright © 2017 Maral FM