Биз менен байланышыңыз

«Унаа» ишканасынын жетекчиси алмашты

Кыска кабар | 1 Окт 2024 | 88 | 0

Рустам Жокоев Министрлер кабинетинин алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы «Унаа» ишканасы) жетекчиси кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Ордуна Улан Карыпбеков жетекчи болуп дайындалганын Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Рустам Жокоев жана агенттиктин бир катар кызматкерин 23-сентябрда кармаган. Кармоо мамлекеттик агенттиктин чыгыш башкармалыгындагы сынактарды өткөрүүгө байланыштуу экени айтылган.

Президент Садыр Жапаров 30-сентябрда «Кабар» улуттук агенттигине курган маегинде «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин кармалышы жана айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупциялык схемалар тууралуу айткан.

Ал президенттик кызматка жаңы келгенде бул тармакты тартипке салат деп Рустам Жокоевду ишканага жетекчи кылганын, айдоочулук күбөлүк алуу кыйла татаалдашканын билдирди.

Кийин бул багыттагы жемкорлукту жоюу иштерин дагы күчөтүү үчүн ишкананын жетекчисинин айлык акысына демөөрчүлүк фондунан кошумча 2000 доллар материалдык жардам берип турганын айтты. Ошого карабастан «Унаанын» жетекчиси айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык система түзүлүп, документ 40-80 миң сомдон сатыла баштаганы аныкталганын ачыктады.

Рустам Жокоев 2021-жылы 16-сентябрда «Унаа» мамлекеттик ишканасына жетекчи болгон.

Copyright © 2017 Maral FM