Биз менен байланышыңыз

Ашхабадда Мактымкулу Фрагинин кыргыз тилиндеги «Тандалмалар» жыйнагынын бет ачары болду

Кыска кабар | 23 Окт 2024 | 106 | 0

Ашхабадда улуу түркмөн акыны жана ойчулу Мактымкулу Фрагинин кыргыз тилиндеги тандалма чыгармалар жыйнагынын «Тандалмалар» аттуу жыйнагынын бет ачары болду.

Иш-чарада Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров, Түркмөнстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, акын-жазуучулар, журналисттер, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери катышты.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн маданий мурастарынын көргөзмөсү уюштурулуп, анда басма материалдар, улуттук көркөм сүрөт жана декоративдик искусствонун эмгектери, ошондой эле музей экспонаттары коюлду.

Мактымкулу Фрагинин 300 жылдыгына карата «Тандалмалар» аттуу ырлар жыйнагын түркмөн тилинен кыргызчага Кыргыз Республикасынын эл акыны Түгөлбай Казаков которгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM