Биз менен байланышыңыз

Элчи Аида Исмаилованын ишмердигин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушталды

Кыска кабар | 30 Сен 2024 | 120 | 0

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 30-сентябрдагы жыйынында Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилованын ишмердигин текшерип чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушталды.

Депутат Кубанычбек Самаков элчинин ишмердиги боюнча Түштүк Кореядагы мекендештерден кайрылуу түшүп жатканын айтты.

«Биз тармактык комитет катары депутаттык комиссия түзөлү. Бизге Түштүк Кореядан жарандар кайрылып, Кыргызстанга инвестиция салабыз дегендер да чыгып жатат. Ошого байланыштуу элчинин ишмердигин текшерип чыгалы», — деди Самаков.

Эми аталган маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Аида Исмаилова 2015-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, социалдык маселелер боюнча комитеттин мүчөсү, ошондой эле Кыргызстан-Корея депутаттык достук тобунун жетекчиси болгон.

2020-жылдын 1-апрелинде социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр кызматына дайындалган.

2020-жылы жылы парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясынан катышып, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин вице-премьер-министр кызматына кайра кайткан.

Бирок 27-октябрда ошол мезгилдеги премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу, азыркы президент Садыр Жапаровдун буйругу менен кызматтан бошотулган. Андан соң эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына сунушталып, талапкерлиги жактырылган эмес.

Аида Исмаилова 2022-жылы 16-февралда Түштүк Кореяга элчи болуп дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM