Биз менен байланышыңыз

ТВЕА компаниясы Бишкек ЖЭБиндеги эки блокту капиталдык оңдоодон өткөрдү

Кыска кабар | 23 Окт 2024 | 85 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана тиешелүү мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрү Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) барып, объектинин иши менен таанышты.

Өкмөт билдиргендей, ТВЕА компаниясы эки блокту капиталдык оңдоодон өткөрдү.

Акылбек Жапаров ЖЭБдин объекттеринин иштешин, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан ремонт иштерине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Бишкек шаарындагы турак жайларды, социалдык жана башка объектилерди жылуулук тармактарына кошуунун жүрүшү талкууланды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM