Биз менен байланышыңыз

Президент айдоочулук күбөлүк алуудагы коррупция, «Унаанын» жетекчисинин кармалышы тууралуу айтты

Кыска кабар | 30 Сен 2024 | 151 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине курган маегинде “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин кармалышы жана айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупциялык схемалар тууралуу айтты.

Ал президенттик кызматка жаңы келгенде бул тармакты тартипке салат деп Рустам Жокоевду “Унаа” мамлекеттик ишканасына жетекчи кылганын, айдоочулук күбөлүк алуу кыйла татаалдашканын билдирди.

Кийин бул багыттагы жемкорлукту жоюу иштерин дагы күчөтүү үчүн ишкананын жетекчисинин айлык акысына демөөрчүлүк фондунан кошумча 2000 доллар материалдык жардам берип турганын айтты.

Жапаров демөөрчүлүк фонду бюджеттик фонд эмес экенин, ошондуктан 40ка жакын жетекчиге материалдык жардам берип турарын кошумчалады.

Ошого карабастан “Унаанын” жетекчиси айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык система түзүлүп, документ 40-80 миң сомдон сатыла баштаганы аныкталганын айтты.

“Балким, бул жигитти жөн эле камап атышкан жокпу деп, баарын өзүм да териштирип көрдүм. Система түзүп алышып, күбөлүк сата башташканы аныкталып калды. 40 миңден 80 миң сомго чейин баа коюп алышыптыр.

Албетте, 100 пайыз күбөлүк сатылган эмес. 90 пайыз адам сынакты тапшырып эле алышкан. Болжол менен 10 пайызы сатылып кетип жатканын болжолдодук. 10 пайыз эмес, бир да айдоочулук күбөлүк сатылбаш керек.

Азыркы убакта 30 жылдан бери айдоочулук күбөлүк сатып алгандар жашап жатабыз. Авариялардан жылына Кыргызстанда жүздөгөн адамдар каза болууда. Мисалы, былтыркы жылы өлкө боюнча дээрлик жети миңдей жол кырсыгы катталып, 783 адам каза болду. Согушта да мындай болбойт!

Он миңден ашык адам жабыркаган. Анын бир нече миңи майып болуп калды. 2020-жылы күбөлүк сатып алган уул-кыздарыбыз бүгүн араң 24тө. 50-60 жылдан кийин 74-84кө чыгат, туурабы? Эгер азыр токтотпосок, 100 жылдан кийин да күбөлүк сатып алып, машина айдап жүргөндөрдөн тазалана албайбыз ” , — деди Садыр Жапаров.

23-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы «Унаа» ишканасы) директору Рустам Жокоев жана бир катар кызматкерди кармаган.

Кармоо мамлекеттик агенттиктин чыгыш башкармалыгындагы сынактарды өткөрүүгө байланыштуу экени айтылган.

Рустам Жокоев 2021-жылы 16-сентябрда «Унаа» мамлекеттик ишканасына жетекчи болгон.

Былтыр сентябрда президент «Унаа» мамлекеттик мекемесинин базасында транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Агенттик «Унаа» мамлекеттик мекемесинин улантуучусу болуп эсептелет. Агенттиктин Бишкек, Ош шаарларында жана 40 райондо өзүнүн автомектептери ачылып, унаанын түрлөрүн башкарууну окутуп үйрөтөт.

Жеңил унаадан тарта, оор жүк ташуучу унаалар, тийиштүү эмерек менен жабдылып, практикалык көндүмдөргө басым жасалат. Аны менен райондордогу автомектептерде жарандар бойго жеткен балдар-кыздарын үч айлык унаа башкаруу, жол эрежелерин үйрөнүү боюнча окуу курстарына жөнөтө алышат.

Copyright © 2017 Maral FM