Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жашоо минимуму 7,9 миң сомду түздү

Кыска кабар | 21 Окт 2024 | 83 | 0

2024-жылдын үчүнчү кварталында жашоо минимумунун орточо баасы 7 миң 889,93 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалында айтылат.

Эмгекке жарамдуу калк үчүн жашоо минимумунун өлчөмү айына 8 миң 827,33 сомду, пенсия курагындагылар үчүн 6 миң 992,34 сомду, балдар үчүн 6 миң 703,07 сомду түздү.

Жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Бишкек шаарында – 8 миң 172,95 сом, эң төмөнкүсү Чүй облусунда – 7 миң 376,09 сомду түздү.

Улуттук статистика комитети 2023-жылы октябрда өлкөдөгү жашоо минимумун 7 миң 756 сом деп белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM