Биз менен байланышыңыз

Белгилүү дин аалымы, ойчул Фетхуллах Гүлен дүйнөдөн өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Окт 2024 | 798 | 0

Түркиялык дин аалымы, ойчул, жана «Хизмет» кыймылынын негиздөөчүсү Фетхуллах Гүлен 83 жашында ааламдан өттү. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, дин аалымы Фетхуллах Гүлен узакка созулган оорудан улам АКШнын Пенсильвания штатындагы ооруканалардын биринде көз жумган.

Фетхуллах Гүлен 1941-жылы Түркиянын Эрзурум аймагында туулган. Дин аалымы билим берүү жана коомдук кызматтар аркылуу Ислам баалуулуктарын жайылтууну колдогону менен дүйнөгө таанымал. Анын окуулары толеранттуулук, маданияттар аралык диалог жана тынчтыкты алга жылдырууга багытталган.

Фетхуллах Гүлен 1970-жылдардан тартып социалдык кызмат көрсөтүү, билим берүү жана диалог жаатында ишмердүүлүк жүргүзүп келген «Хизмет» кыймылын түзгөн. Бул кыймыл өзгөчө мектептерди жана башка билим берүү уюмдарын түзүүгө басым жасап, бүткүл дүйнө жүзүнө тараган. Анын кыймылы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө билим берүү жана социалдык кызматтар аркылуу таанымал болгон. Гүлендин көз караштары Исламды тынчтык жолу менен жайылтууга, ар түрдүү диндер жана маданияттар ортосунда диалог орнотууга басым жасайт. Ал өзү түзгөн кыймыл аркылуу илимди, билимди жана диалогду колдоо менен дүйнөлүк проблемаларды чечүүгө умтулган.

Ал 1999-жылы ден соолугуна байланыштуу АКШнын Пенсильвания штатына көчүп кеткен. Анын Ислам дини жана дүйнөдөгү билим берүүнүн орду, диндер аралык диалог, тынчтык тууралуу ондогон китептери бар. Көпчүлүк китептери кыргыз тилинде да басылып чыккан.

2016-жылы Түркиядагы төңкөрүш аракетинде президент Режеп Тайип Эрдоган Гүленди бул окуянын уюштуруучусу катары күнөөлөгөн. Гүлен бул төңкөрүш аракетине тиешеси жоктугун айткан. Түркия бийлиги анын тарапташтарын куугунтуктап, көптөгөн билим берүү мекемелерин жаап, кыймылды террористтик уюм катары сыпаттаган.

Фетхуллах Гүлендин ишмердүүлүгү көптөгөн өлкөлөрдө билим берүү жана диалогду колдоо аркылуу оң бааланса, Түркияда анын кыймылы чоң талаш-тартыштардын жана саясий конфликттердин негизинде каралып келет.

Аалым Фетхуллах Гүлендин айрым маселелердеги ой-толгоолору тууралуу бул жерден окусаңыз болот:

Фетхуллах Гүлен: Калпты калдыр-кулдур шаң коштосо, чындыкты жымжырттык коштойт

Copyright © 2017 Maral FM