Биз менен байланышыңыз

Орусияда Кыргызстандын маданият күндөрү башталды (сүрөт)

Кыска кабар | 21 Окт 2024 | 103 | 0

Орусиянын Москва шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоого карата Кыргызстандын Орусиядагы маданият жана искусство күндөрүнүн ачылыш аземи болду.

Иш-чара 20-октябрда Москвадагы мамлекеттик академиялык чоң театрында өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук жана бир катар мадания, коомдук ишмерлер Кыргызстандын Орусиядагы жарандары катышты.

Концерттик программага кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган “Манас” эпосунун үзүндүлөрү, этнографиялык-фольклордук “Камбаркан” ансамбли, фольклордук-этнографиялык “Ордо-Сахна” ансамбли, “Ак Марал” мамлекеттик бий ансамбли сыяктуу бир катар топтор өз программаларын тартуулап, ошондой эле элдик ырлар, күүлөр жана бийлер көрсөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM