Биз менен байланышыңыз

Бишкекте эне-бала бараткан унааны сүзгөн шектүү кармалды

Кыска кабар | 20 Окт 2024 | 72 | 0

Бишкек шаарында жол кырсыктан эне-бала каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.

19-октябрда Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы шектүү кармалганын маалымдады.

Кырсык 17-октябрда болгон. Жол кырсыгынан 34 жаштагы аял жана анын 11 жаштагы баласы каза болду.

Болжол менен саат 23:00 чамасында, “Хундай-Соната” үлгүдөгү автоунаанын 35 жаштагы И.Д. аттуу айдоочусу түштүктөн түндүк тарапка бара жатып, батышты көздөй 20 жаштагы А.И. айдап келаткан “Тойота-Ярис” үлгүсүндөгү автоунаа менен сүзүшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш кодексинин 312-беренесине ( Жол кыймылынын жана автотранспортту эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) ылайык кылмыш иши козголду.

Жол кырсыгына кабылган Акбаева Алтынай Бажы кызматынын капитаны болгон. Маркум 1990-жылы 8-ноябрда Бишкек шаарында туулган. Ал 2013-жылдын 29-июлунан тарта бажы органдарында иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM