Биз менен байланышыңыз

УКМК: Эркин Мамбеталиевдин пансионаты, унаалары жана батирлери мамлекетке өттү

Кыска кабар | 25 Сен 2024 | 190 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет Ысык-Көл облусу боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында, кримтөбөл  Эркин Мамбеталиевдин кылмыш жолу менен тапкан бир катар мүлктөрү мамлекеттин балансына өткөрүлгөнүн кабарлады.

Алар — Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында жайгашкан «Эдельвейс» эс алуу борбору, Бишкек шаарындагы үч жана эки бөлмөлүү батир, «Lexus LX 570» жана «Dodge RAM» маркасындагы эки автоунаа, 3 гидроцикл, 3 квадроцикл жана улуттук кийизден жасалган боз үй.

Жогоруда айтылган мүлктөр 5 716 307 АКШ долларына барабар экени айтылды, сом менен эсептегенде 489 млн 886 миң  сомго бааланган.

Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн мыйзамсыз алынган мүлктөрдү аныктоо иштери уланып жатканы кабарланды.

Эркин Мамбеталиев Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болуп иштеген. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деген шек менен оор кылмыштарга айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылып, кийин абактан чыккан.

Быйыл август айында Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топко катышуу) боюнча айыпталып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM