Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Күн жылыйт

Кыска кабар | 18 Окт 2024 | 186 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 19-октябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында бираз жаан жаашы мүмкүн, калган аймактарда түнкүсүн жана күндүз жаан жаабайт.

Бийик тоолуу унаа жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18,

Баткенде түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…+13.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +17…+19 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM