Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Катардын ортосунда түз аба каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Кыска кабар | 23 Сен 2024 | 74 | 0

Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Данияр Бостонов 14-сентябрда Qatar Airways авиакомпаниясынын вице-президенти Фатхи Атти менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Катардын ортосунда түз аба каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Европа жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө, ошондой эле АКШга транзиттик жүк ташуу маселелерине көңүл бурулду. Мындан тышкары, жарандык авиация адистеринин Qatar Airways авиакомпаниясында стажировкадан өтүү маселелери талкууланды.

Ал эми 15-сентябрда Данияр Бостонов Катар жарандык авиация башкармалыгынын башчысы Мохамед бин Фалех Аль Хажри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Талкуунун негизги темасы учуу коопсуздугу жана жөнгө салуу чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп, Катар тарап Кыргызстандын авиация тармагын жөнгө салуунун сапатын жакшыртууну колдой турганын билдирген.

16-сентябрдагы жолугушууларда билим берүү жана авиациялык кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу маселелери талкууланды. Айрыкча аба кыймылынын диспетчерлерин даярдоого көңүл бурулду.

Катар авиациялык академиясы Кыргызстандан учкучтарды даярдоого бекер квота бөлүнгөнүн тастыктады. Бул кадам Кыргызстандын жарандык авиациясынын кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салым болуп саналат.

Ошондой эле Катардын транспорт министри Жасим бин Саиф Аль-Сулайти менен жолугушуу болду. Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жана эки өлкөнүн авиациялык системаларын интеграциялоо талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM