Биз менен байланышыңыз

24-октябрда Бишкек инвестициялык форуму өтөт

Кыска кабар | 15 Окт 2024 | 129 | 0

24-октябрда борбор калаада «Бишкек инвестициялык форуму-2024» иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу ЖИА Бизнес-ассоциациясы билдирди.

Форумда ишкердик кызматташууга жана инвестиция тартууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт. Иш -чаранын алкагында компаниялар франчайзинг, жашыл технология, Кыргызстанда өндүрүлгөн жана креативдүү экономика сыяктуу тармактарда өз өнүмдөрүн жана кызматтарын көрсөткөн көргөзмө өтөт. Форумда чет элдик эксперттердин жана Борбор Азияда ийгиликтүү иш алып барган ишкерлер панелдик талкууларга катышат.

Бизнес-форумга кошуна өлкөлөрдөн тартып АКШ, Япония, Канада, Индия, Кытай, Россия, Түркия жана Европадан жалпы 18 өлкөдөн бизнес- делегация келүүсү күтүлүүдө.

BIF 2015-жылы негизделген. Бул жылдар аралыгында форумда ондогон келечектүү бизнес долбоорлор сунушталып, 186 миллион АКШ доллардан ашык инвестиция тартылган.

BIF жыл сайын эң ийгиликтүү жана келечектүү бизнес долбоорлорун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Форумдун катышуучулары инвестиция, экономика жана бизнес чөйрөсүндөгү күтүлүп жаткан тенденцияларды жана өзгөрүүлөрдү талкуулашат. Ошондой эле кызматташуунун жаңы векторлорун табышат.

Өтө турган жайы: Бишкек ш., “Дасмия” этно-комплекси

Бардык суроолор боюнча: +996701882525 Кадырова Жылдыз – Коомчулук менен байланыш бөлүмү

Copyright © 2017 Maral FM