Биз менен байланышыңыз

Alternativa Film Screenings: Бишкекте маанилүү темаларды козгогон тасмалар акысыз көрсөтүлөт

Кыска кабар | 19 Сен 2024 | 111 | 0

Бишкекте 20-сентябрдан 25-сентябрга чейин Alternativa Film Screenings өтөт. Бул 2023-жылдагы Alternativa Film Awards сыйлыгынын номинанттарынан жана жеңүүчүлөрүнөн тандалган тасмалардын ачык жана акысыз көрсөтүлүшү. Анда кыргызстандык жана эл аралык кинотасмалар коюлат. Көрсөтүүлөр буга чейин Алматы шаарында өткөн.

Кайсы тасмаларды көрүүгө болот?

Былтыр сыйлыкка Азия аймагынан катышкан «Кыз ала качуу» (Кыргызстан, Spotlight сыйлыгынын жеңүүчүсү),

«Бооруна cалуу» (Казакстан, Future Voice сыйлыгынын жеңүүчүсү),

«Жекшемби» (Өзбекстан),

«Баласыз айыл» (Иран),

«12 жума» (Филиппин),

«Вахан туткуну» (Кыргызстан),

«Сotton 100%» (Өзбекстан),

«Кийинкиси ким?» (Кыргызстан) сыяктуу кинотасмалар жана Борбордук Азия өлкөлөрүнөн катышкан кыска метраждуу тасмалардын программасы коюлат.

Мындан тышкары, Alternativa Film Screenings’тин алкагында былтыр Бишкекте өткөн өспүрүмдөр үчүн Alternativa Teen Lab кинолабораториясынын катышуучуларынын эмгектери, Alternativa Film Project долбоорунун демилгечиси болгон inDrive компаниясынын тарыхы тууралуу Inner Drive документалдуу тасмасы көрсөтүлөт.

Ар бир көрсөтүүнүн аягында кинотасмада берилген коомдук мааниге ээ темалар адистер менен бирге талкууланат. Ошол эле учурда көрүүчүлөр адистер менен талкууга катышып, өз ой-пикирлерин жана тажрыйбалары менен бөлүшө алышат.

Кимдер катышат?

Кыргызстандын маданиятын жана мурасын жайылтуу боюнча активист Эрик Абдыкалыков, ишкер, “Ололо” компаниялар тобунун тең негиздөөчүсү жана бизнес-дирижеру Данияр Аманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев, блогер Назира Айтбекова, креативдүү ишкер Толкун Дайырбекова (“Карек” балдар киносу фонду), ишкер жана “Жаратман” подкастынын алып баруучусу Урмат Насыкулов, укук коргоочу Айбек Аскарбеков, экоактивист жана медиаменеджер Исмаил Карыпов жана башкалар катышат.

Кайсы жакта өтөт?

Иш-чара Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өтөт.

Alternativa Film Project’тин башчысы Лиза Сурганова алардын миссиясы дүйнөнү кино аркылуу өзгөртүү экенин белгилеп, адамдарды ар кандай социалдык маселелерге жаңыча көз караш менен кароого шыктандырарын айтты.

Alternativa Film Screenings 2023-жылы Алматыда башталган. Борбор Азиядагы киноиндустрияны өнүктүрүү үчүн Бишкекте өтүп жатат.

Бишкекте өтүүчү Alternativa Film Screenings көрсөтүүлөрдүн өнөктөштөрү «Мульти медиа кыздар», Борбордук Азиядагы IDEA, Internews Network.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM