Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Эртең жаан-чачын күтүлбөйт

Кыска кабар | 18 Сен 2024 | 202 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Кыргызгидромет билдиргендей, 19-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан жаайт, калган аймактарда жаан жаабайт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +26…+28 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM