Биз менен байланышыңыз

Азербайжанда театралдык сезон Айтматовдун чыгармасы менен ачылды

Кыска кабар | 12 Сен 2024 | 114 | 0

Азербайжанда 2024–2025-жылдагы театралдык сезон улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов театралдык сезонду ачуу аземине катышты.

Азербайжан мамлекеттик академиялык улуттук драма театрында Кыргызстандын улуу жазуучусу Чынгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» (Ана Тарла) аттуу чыгармасынын негизинде коюлган спектакль көрсөтүлдү.

Ал белгилүү азер акыны Тимур Эльчин тарабынан азербайжан тилине которулган. Спектакль Баку муниципалдык театры тарабынан коюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM