Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Орусиянын «Достук» ордени менен сыйланды

Кыска кабар | 12 Сен 2024 | 156 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгон Жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Достук» ордени менен сыйланды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Акылбек Жапаров Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы достук байланыштарды чыңдооогу, стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн ушундай сыйлык алганы кабарланды.

«Достук» орденин Акылбек Жапаровго Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан VI кыргыз-орус экономикалык форумунун пленардык жыйынында тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM